Ошто 12 кабаттуу үйдүн курулушунан кемчиликтер табылып, эскертүү берилди

Аймак 20 Январь 2026 10:40
kurulush.jpg
617677077_1393142832284762_4901425868918188285_n.jpg
617114148_1393142888951423_5889929979956797303_n.jpg
617746049_1393142768951435_7112509043784443093_n.jpg
617802387_1393142878951424_2417261717643366852_n.jpg
618087255_1393142922284753_2765662466892653811_n.jpg
618701637_1393142762284769_457130320651678860_n.jpg
619785236_1393142852284760_9140920688558114451_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин инспекторлору тарабынан Кара-Суу районунда 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "Business House KG" ЖЧКсына карата аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт коюлуп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле облустун алыскы аймактарындагы социалдык объектилердин курулушунун сапаты текшерилүүдө.

Белгилей кетсек, министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда.