Ошто "Кең-Сай" көмөк чордону пайдаланууга берилди

Аймак 30 Октябрь 2025 12:35
573222516_18082485047476120_1442529447393224971_n.jpg
572197017_18082485038476120_2603798794145553084_n.jpg
572361251_18082485092476120_6578055384236880635_n.jpg
572726471_18082485083476120_610378334898460745_n.jpg
572726473_18082485101476120_7587165093497577765_n.jpg
572954021_18082485137476120_6836888308827448176_n.jpg
573201308_18082485125476120_2180839649092732898_n.jpg
573382608_18082485071476120_2793558458847532462_n.jpg
573589519_18082485062476120_5750377738991256341_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Ош шаарында 110/10 кВ "Кең-Сай" көмөк чордону пландалган мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Көмөк чордонду куруу иштери "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан ишке ашырылып, жалпы 18 млн 500 миң сом сарпталды.

Жаңы 110/10 кВ "Кең-Сай" көмөк чордону ишке кирүүсү менен Кең-Сай жаңы конушун, Гулбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздайт.

Мындан тышкары, Ош шаарынын 3000 түтүнүн, ал эми Араван районунун 1 124 гектар жер аянтындагы 6 877 адамга бөлүнгөн жер тилкесин электр энергиясы менен камсыз кылат.