Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгине 10 гектар жерге сейил бак курулат

Аймак Загрузка... 05 Март 2026 08:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 10 гектардан ашуун жерге сейил бак курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун шаар мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте дарыянын жээгине рейд жүргүздү.

Анда калаа башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.

Долбоордун алкагында 7 чакырым аралыкка веложол жана тротуар салуу, ошондой эле 10 гектардан ашуун аймакты көрктөндүрүп, жашылдандыруу пландалууда. Мындан тышкары, заманбап парк жана скверлерди куруу иштери колго алынат.