ОшМУнун окутуучуларына квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды

Аймак Загрузка... 03 Апрель 2025 16:55
80zQL2SP6jg0GpRKZBhLyDkUDldSR9JbR3vvW7bt.jpeg

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамына квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды.

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк билдиргендей, сертификаттар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципалдык ишмердүүлүктү ченемдик-укуктук камсыздоо программасынын алкагында берилди.

Анын айтымында, “Эл аралык укук” темасындагы 144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу ийгиликтүү ишке ашты.

Иш-чарада Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев 12 жылдык билим берүү процессине, негизи эле билим берүү системасындагы трансформациянын орду, мазмуну, маңызы жөнүндө айтты. Ал бүгүнкү күндө мектептердеги окутууну 12 жылдык форматка өткөрүү шартында 2026-жылга чейин “Алтын Казык” программасынын алкагында трансформациялоонун өзөктүү векторлорун аныктоо, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, университеттердин ортосундагы кызматташууну бекемдөө керектигине токтолду.

Кошумчалай кетсек, Догдурбек Чонтоев баштаган делегация ОшМУга жасаган иш сапарында “Келечек муундар хабы” менен таанышты. Заманбап борборлор, жаңы долбоорлордун иштөө процессине кызыгып, окуу жайдын башкы имаратында профессордук-окутуучулук курам менен жолугушту. Ал КУУнун 100 жылдыгына арналган мааракеге расмий чакырууну тапшырып, 190 миң бүтүрүүчүнү өлкөнүн бардык тармактарына даярдап берген окуу жай экенин баса белгиледи.