ОшМУнун окутуучулары Польшада эмчек рагын алдын алуу боюнча окутуудан өттү

Аймак 24 сентябрь 2025 12:10
e0988e67-91ce-472e-a7be-594539cf41a7.jpg
d7ac8127-f30a-42f3-a372-e2d06a99cc08.jpg
a7da1e4d-00d2-4b20-a3e0-1d7b820a1889.jpg
187888af-fd3e-4b6c-a47c-3d96e43ecd39.jpg
252fd90b-a0d1-4f96-8adf-fc8174778616.jpg
89b5e159-3d50-49a6-80f4-e8e670ed8789.jpg
58e463e6-9d84-4acb-b65a-cec1526d7438.jpg
3f3f3649-89a2-4b8b-aa35-f4c21f4a0ef3.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ОшМУ

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары, профессор Аида Келдибекова, улук окутуучу Жылдыз Тойчуева, доцент Жайнагүл Абдирасулова жана Мээримгүл Бусурманкул кызы 14–19-сентябрь күндөрү Польшанын Быдгощ шаарында такшалмадан өтүштү.

ОшМУдан билдиришкендей, алар Польшанын эмчек рагын алдын алуу жана эрте аныктоо тажрыйбасын үйрөнүп, онкологиялык борборлор менен таанышты. Андан сырткары студенттерге өз алдынча текшерүү ыкмаларын үйрөтүү үчүн методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана алдын алуу иш-чараларын уюштурууга катышты.

Программанын алкагында эмчек рагынын эпидемиологиясы, клиникалык белгилери, коркунуч факторлору боюнча лекцияларга катышты. Практикалык сабактар жана муляждар менен иштөө ыкмалары, Кыргызстанга ылайыкташтырылган методикалык материалдарды даярдоону үйрөнүштү.

Окутуучулар онколог-хирург-маммолог, профессор Витольд Ковальский менен болгон тегерек столго да катышты. ОшМУнун окутуучуларын жана студенттерин даярдоонун планы жана графиги түзүлдү. Жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

Белгилей кетсек, аталган окутуу RITA “Айтмактагы өзгөрүүлөр” долбоорунун алкагында уюштурулуп, Польша-Америка Эркиндик фонду колго алып, WSG университети жана AZS WSG уюму колдоо көрсөттү.