Бишкек, 06.06.25. /Кабар/. ОшМУнун медициналык клиникасында 30-майда бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганын окуу жайдан билдиришти.
Бейтап Баткен облусунун Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну Сажида Анапияева. Анын 35 жаштагы агасы донор болгон.
Операциядан кийин бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Учурда алар адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантышууда. ОшМУнун медициналык клиникасында жасалган биринчи операция бейтапка бекер болгон. Төрт саатка созулган операцияны тажрыйбалуу клиникалык дарыгер Бексултан Сейитбек уулу жана Россиядан чакырылган трансплантолог-хирург Игорь Милосердов жетектеген топ жасашкан.
Операциянын өзгөчөлүгү – донордон орган лазердик ыкма менен, кошумча хирургиялык кесүүлөрсүз алынган. Бул ыкманы ОшМУнун тажрыйбалуу хирургу Кахраман Халбаев колдонгон. Анын айтымында, бул ыкма бейтапка да, донорго да минималдуу зыян келтирет.
Бексултан Сейитбек уулу буга чейин Россияда жана Түркияда билим алып, 150дөн ашык органдарды алмаштыруу операцияларына катышкан. Учурда ОшМУнун клиникасында бөйрөк жана боор алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай баштады.
Белгилей кетсек, ОшМУнун медициналык клиникасында диагностика, дарылоо жана татаал хирургиялык операцияларды жасоого бардык шарттар түзүлгөн. Клиника Кыргызстанда сейрек кездешүүчү заманбап чет элдик медициналык жабдуулар менен жабдылган. Ал эми, аппараттардын бири Швейцариядан алынып келинген. Ал канды тазалоого жана органдарды алмаштыруу операцияларында бейтаптарга так диагноз коюуга жардам берет.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоонун тартибин жөнгө салган жобону бекитип, ага ылайык бул жаатта төрт гана медициналык мекемеге иштөөгө уруксат берилген. Алардын ичинен ОшМУ жалгыз окуу жайы болуп саналат.
Учурда клиника биринчилерден болуп каттоодон өтүп, ишин баштады. Эми жарандар чет өлкөгө чыкпай туруп операция жасатууга мүмкүнчүлүк алышты.