Медицинанын жаӊы барагы. ОшМУнун клиникасына заманбап Ангиограф аппараты алынды

Ден соолук 21 Апрель 2025 12:50
8VngSFanaW3oks3VreH9EDJxV726YlELU1noUQQM.jpeg
9yjtHfm0hb4MIvq2Ra33UUb3OrCDBv6Cg7pR4llf (1).jpeg
qCjPTEQXLMwHC8ylA1ms01RDjEqZFj2qiKacgjPX.jpeg
ugxH38cRH8BgHOgWZDxeYapWxDtp1bJwyXV2i07W.jpeg
v6uMUUi2ihPUKxknKGyR6lBS8sdRX7O24wWS8DAq.jpeg
yhqhAMOqDE1i91QZlaXr3d3z6dHkXSAAxo7uasiW (1).jpeg
yhqhAMOqDE1i91QZlaXr3d3z6dHkXSAAxo7uasiW.jpeg
9yjtHfm0hb4MIvq2Ra33UUb3OrCDBv6Cg7pR4llf.jpeg
yOS5Z8oVN4DNLAXGSmi6COAxup8QlhjCalljNYnN.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon ОшМУ

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин клиникасында заманбап эки жаңы Интенсивдүү терапия жана Рентгенэндоваскулярдык хирургия обочолору расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.

Окуу жайдан билдиришкендей, аземге Шанхайдагы Линь-Ган медициналык жабдууларды изилдөө борборунун профессору Тан Жуйсё баштаган делегация да катышты.

Аталган обочолордо жүрөк оорулары, инсульт же мээ кан айлануу бузулуулары, буту ооруп же шишип жаткан бейтаптарда кан тамырлардын абалын аныктоо, онкологияда – шишиктерге кан жетүүсүн изилдөө Ангиограф аппараты менен жүргүзүлөт.

Ангиограф – бул кандын тамырларын, жүрөктүн жана мээнин кан тамыр системасын изилдөө үчүн колдонулуучу жогорку тактыктагы медициналык жабдуу. Бул аппарат заманбап медицинанын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ал бейтаптардын абалын эрте стадияда аныктоого жана эффективдүү дарылоого жол ачат. Өзгөчө кардиология, нейрохирургия жана онкология тармактарында ролу чоң.

ОшМУнун жетекчилигинин билдирүүсүндө, бул обочолордун ачылышы университеттин клиникалык базасын чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошот. Ошондой эле медицина факультетинин студенттери үчүн практикалык көндүмдөрдү тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ангиограф аппараты медициналык клиниканын ички каражаты сатып алынды.

Жаңы ачылган обочолор аймактагы медициналык кызматтын сапатын жогорулатып, бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүүгө багытталган.