ОшМУда абанын сапатын баалоо боюнча илимий борбор ачуу пландалууда

Аймак 19 Ноябрь 2025 14:00
586162322_122191952618368081_6395000345498051248_n.jpg
584487017_122191952732368081_5896804739629378666_n.jpg
584333079_122191952660368081_1357403911015309744_n.jpg
584728914_122191952720368081_7663599743985603211_n.jpg
585191175_122191952612368081_1151178878110735136_n.jpg
585351190_122191952714368081_4349367535773072220_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда JICAнын Ош облусунда ишке ашырып жаткан "Спутниктик маалыматтар жана химиялык заттардын регионалдык ташылышын моделдөөдөн" негизделген абанын сапатын баалоо системасын иштеп чыгуу долбоорунун алкагында ОшМУда илимий борбор ачуу пландалып жатканы белгиленди.

Ошондой эле Ош облустук клиникалык ооруканасына жана облустук онкологиялык борборго гранттык негизде медициналык жабдууларды берүү, Ош эл аралык аэропортунда аэронавигация үчүн жаңы мунара орнотуу маселелери айтылды.

Элчибек Жантаев Япония өкмөтүнө жана JICA Кыргызстанда билим берүү, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, "Бир айыл – бир продукт" программасы, транспорт инфраструктурасы, тоо-кен жана кайра иштетүү тармактары, ошондой эле маданият, искусство жана археология боюнча демилгелерди колдоп жатканын баса белгиледи.

Анын айтымында, бул долбоорлор Ош облусунун өнүгүүсүнө, инфраструктуранын жаңылануусуна жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга олуттуу салым кошууда.