ОшМУ менен Уфа мамлекеттик мунай техникалык университети кызматташат

Билим 2897 13 Февраль 2025 10:15
9W3DtbYPUop349vD6P8HdeOejuT9WEnnk5A3gPs4.jpeg
y79DcuKat3u9qkYuBjQUBnAagkbO6xFUDrIRIb3k.jpeg
SW1TRdp9BsrepAA2qUJPoWIlwNOS06Mon3BM4B0x.jpeg
L6DcXoylUXlcC14PKFekmn6ySdjbyEdMCohYYEGu.jpeg
eXDR4w67ytdbAGSrkiIGIbgw0rJjqxfp3PJ4IXY2.jpeg
DKGszSP585JnZ16Oo72DbF4jaYHvgmbjLqw5h0Vp.jpeg
BP5x0N6hihwEthEJKwA0A95x22WIq4XTV1sqGCSX.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. 10-февралда Ош мамлекеттик университети менен Башкортостандын Уфа мамлекеттик мунай техникалык университети кызматташуу келишимине кол койду.

ОшМУдан билдиришкендей, келишим ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын аталган окуу жайдын жетекчиси Олег Баулин менен жолугушуусунда жетишилди.

Документте студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу долбоорлору каралган.

ОшМУнун делегациясы Уфа мамлекеттик мунай техникалык университетинин окуу лабораториялары, билим берүү үчүн түзүлгөн материалдык техникалык базасы менен да таанышты.

Ушул күндөрү ректор Кудайберди Кожобеков, медицина факультетинин базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Ибрагим Атабаев, фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасынын башчысы Жекшен Маматов Башкортостандын Уфа шаарында жүрөт. Иш сапардын алкагында алар бир нече ЖОЖдордо болуп, келишимдер түзүлөт.