"ОшМУ" футбол клубуна автобус тапшырылды

Спорт Загрузка... 21 Октябрь 2025 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Бүгүн "ОшМУ" футбол клубуна Кыргыз футбол биримдигинин карамагында болгон Foton үлгүсүндөгү автобус тапшырылды. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти.

Автобусту КФУнун биринчи вице-президенти Нурдин Букуев клубдун директору Айбек Сулаймановго тапшырып, бул демилге футбол клубдарын колдоо, шыктандыруу жана мотивация берүү максатын көздөөрүн белгиледи.

"Кыргыз футбол биримдиги клубдардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурууда. "ОшМУ" футбол клубунун ишмердүүлүгү үлгүлүү болгондуктан, биз клубдун колдойлу деп чечтик”, — деди Нурдин Букуев.

Өз кезегинде "ОшМУ" клубунун директору Айбек Сулайманов КФБга ыраазычылык билдирип, бул белек команда үчүн инфраструктураны жана логистиканы жакшыртууда маанилүү кадам болорун белгиледи.

"ОшМУ" футбол клубу Ош мамлекеттик университетин өкүлчүлүк кылат жана Премьер-Лигада Ош шаарынын намысын татыктуу коргоп келе жатат.