Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Ош шаарына Өзбекстандан дагы 1000 даана көчөт жеткирилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчөттөр быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөлөргө отургузулууда.
Белгилей кетсек, өткөн жумада да 1000 түп чынар жана терек көчөттөрү бир нече көчөлөргө тигилген.
Учурда көчөт отургузуу иштери Куренкеев, Жунусов, Пржевальский, Джиннах жана бир катар башка көчөлөрдө да улантылууда.