Ошко күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу системасы орнотулат

Аймак Загрузка... 21 Май 2026 09:00
689481823_1315.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев Кытайдын жарыктандыруу тармагындагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тараптар "Светлый район" жана башка бир катар долбоорлорду талкуулашты.

Кытай компаниясы өз каражатынын эсебинен Ош шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук аймактарына күн энергиясында иштеген заманбап жарык берүүчү системаларды орнотууга даяр экендигин билдирди. Бардык монтаждоо иштерин, керектүү жабдууларды жана материалдарды компания толук камсыз кылып, ишке киргизгенден кийин техникалык тейлөөнү да жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Мындан тышкары, "Кооз шаар" программасы аркылуу шаарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу жабдууларын жана курулуш материалдарын мамлекеттик сатып алуулар аркылуу жеткирүү, жол куруу жана инфраструктуралык долбоорлорго катышуу маселелери каралды.

Ошондой эле эл аралык долбоордун алкагында Ош шаарында кытайлык адистер тарабынан акысыз медициналык жардам көрсөтүү пландаштырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.