"Ошавтотранс" акционердик коомунун мүлкү мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 29 Июль 2025 17:38
WhatsApp Image 2025-07-29 at 17.14.00.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Жалпы аянты 1,5 гектар "Ошавтотранс" оңдоо-курулуш башкармалыгы акционердик коомунун мүлктүк комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоонун жүрүшүндө 1999-жылы Ош шаарынын аймагындагы Нурматов көчөсү 83 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1,5 гектар "Ошавтотранс" оңдоо-курулуш башкармалыгы АКтын мүлктүк комплекси, "Асай" ЖЧКсынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендигин аныктады.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында "Асай" ЖЧКсынын уюштуруучулары бул мүлк комплексин мамлекеттик баланска өз ыктыяры менен кайтарып берүүгө макул болушкан.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.