Ош ЖЭБинде мурда белгиленген кемчиликтер жоюлду

Аймак Загрузка... 23 Сентябрь 2025 09:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Ош Жылуулук электр борборундагы бир катар кемчиликтер жоюлду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир ай мурун калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин Ош жылуулук электр борборуна болгон сапарында мекеменин материалдык-техникалык базасы, отканалардын абалы текшерилип, каралбай калганы белгиленген.

Ошондой эле жамаат менен жолугуп, түзүлгөн шарттын начар экендигине токтолгон. Анын ичинде имараттын ички жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, айланасын иретке келтирүү, ашканасын оңдоо сыяктуу кемчиликтерди жою боюнча бир айлык мөөнөттө калыбына келтирүү тапшырмасын берген.

Күн мурун мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев Ош ЖЭБке барып, шаар башчынын тапшырмаларынын аткарылганын жеринен көрүп, таанышып чыкты.