Ош жана Жалал-Абад облустарында пахтанын апробациясы жүргүзүлүүдө

Аймак Загрузка... 02 Сентябрь 2025 14:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад облустарында быйылкы айыл чарба сезонуна карата пахтанын апробациясы жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ош облусунда үрөндүк пахта айдоо аянты 84 гектарды, ал эми Жалал-Абад облусунда 101 гектарды түзөт. Бул аянттарда Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери апробация жүргүзүп, пахтанын сорттук сапатын жана белгиленген агротехникалык стандарттарга шайкештигин аныкташууда.

Адистердин айтымында, апробация — түшүмдүүлүк потенциалын, өсүмдүктөрдүн ооруларга туруктуулугун жана түштүк аймактардын топурак-климаттык шарттарына ыңгайлашуусун баалоодогу маанилүү этап болуп саналат. Анын жыйынтыктары пахтаны мындан ары өстүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга, айдоо аянттарын кеңейтүүгө жана үрөн материалынын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, иштин алкагында дыйкандарга пахта өстүрүүдө заманбап технологияларды киргизүү боюнча методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлүүдө. Бул өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, чыгымдарды азайтууга жана ата мекендик пахтанын ички жана тышкы рыноктогу позициясын чыңдоого шарт түзөт.