Ош жана Шымкент шаарлары кызматташат

Коом 29 Май 2025 12:20
ec6e99f0-e6db-39c9-b63d-3c98a39e3f48.jpg
983cb22d-c966-3ff8-bbd2-07716819a202.jpg
ffc896ce-92bf-32ba-bb90-6b910accd678.jpg
0d103a26-7d9b-3346-b031-0dbc411df374.jpg
4f7e047b-2aa3-3789-b457-8c93da91db95.jpg
Алдыга
Артка
ec6e99f0-e6db-39c9-b63d-3c98a39e3f48.jpg
983cb22d-c966-3ff8-bbd2-07716819a202.jpg
ffc896ce-92bf-32ba-bb90-6b910accd678.jpg
0d103a26-7d9b-3346-b031-0dbc411df374.jpg
4f7e047b-2aa3-3789-b457-8c93da91db95.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. Шымкент шаарында 2025-2028-жылдарга Кыргызстандын Ош шаарынын мэриясы менен Казакстандын Шымкент шаарынын акимчилигинин ортосундагы кызматташуунун жол картасына салтанаттуу кол коюлду.

Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунан билдиришкендей, документ эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн, анын ичинде экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын кеңейтүүнүн, шаардык башкарууну санариптештирүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунун негизги багыттарын аныктайт.

Жол картасына кол коюу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, практикалык тажрыйба алмашуу жана ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган муниципалитеттер аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдө маанилүү кадам болуп калды.

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу тарыхый жактан жалпы маданий жана экономикалык кызыкчылыктар менен байланышкан эки достук шаардын ортосундагы практикалык кызматташуунун куралы катары демилгенин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Шымкент шаарынын акиминин биринчи орун басары Куаныш Асылов белгилегендей, жол картасынын алкагында пландаштырылып жаткан иш-чаралар муниципалдык түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт жана эки тараптын жашоочуларына сезилерлик пайда алып келет.

Тараптар Жол картасынын жоболорун ишке ашыруу Ош жана Шымкент шаарларынын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү үчүн туруктуу негиз болоруна ишеним билдиришти.