Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. 15-январдан 22-январга чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дыйкан-фермерлер үчүн акысыз окутуулар өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Анда суу ресурстары, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча пайдалуу маалыматтар берилет. Мындан тышкары, министрликтин иш алып баруу багыттары жана доолборлору боюнча баяндамалар күтүлөт. Ошондой эле суроолорго түз жооп алуу мүмкүнчүлүгү болот.
Даталары:
- 15-январь: Ала-Бука айылында;
- 16-январь: Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында;
- 19-январь: Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында;
- 20-январь: Кара-Суу районунун Большевик айылында;
- 21-январь: Ноокат шаарында;
- 22-январь: Баткен шаарында.