Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 55-чыгармачылык сезонун ачты. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, театр жамааты көрүүчүлөргө жаңы сезондогу репертуар жана чыгармачылык пландарын тааныштырды.
Театр белгилегендей, жаңы сезонун мекемеге ысымы ыйгарылган мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Султан Ибраимовдун туулган күнүндө ачуу салтка айланган.
Театрдын көркөм жетекчиси, эл артисти Уланмырза Карыпбаев жаңы сезондо кыргыз театр өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн мааракелерине арналган иш-чараларга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Анын айтымында, Адылбек Дыйканбаевдин 90 жылдыгына, Искендер Рыскулов менен Бектен Абдылдаевдин 85 жылдыгына, ошондой эле жазуучу жана драматург Мырза Гапаровдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт.
Сезондун ачылышында казак классиги Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Күнөө” спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.