"Ош ТВ" телеканалына жаңы кызматтык унаа берилди

Аймак 11 Март 2026 16:10
1.jpg
648738056_1268693108782917_6360641709882141483_n.jpg
649114633_1268693262116235_6231715257309110619_n.jpg
649195770_1268693562116205_8217991123794791377_n.jpg
649265840_1268693425449552_8675521060482438420_n.jpg
649280674_1268692932116268_5724603285528146898_n.jpg
650060365_1268692952116266_3578106855506126423_n.jpg
650377751_1268700012115560_5491692753281087622_n.jpg
650640373_1268692842116277_6469587049323864231_n.jpg
651272249_1268692948782933_8954319965889357359_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош ТВ" муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, телеканалга жаңы кызматтык унаа белек кылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, белекке берилген унаа телеканалдын ишмердүүлүгүн жакшыртып, журналисттердин шаардагы коомдук, социалдык жана маданий иш-чараларды ыкчам чагылдыруусуна шарт түзөт.

Калаа башчысы шаар тургундарына шаардык, мамлекеттик жана президенттин жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырууда "Ош ТВ" телеканалынын орду абдан чоң экенин белгиледи. Ошондой эле калкты так маалымат менен камсыз кылууда телеканал маанилүү роль ойной турганын айтты.

Шаар мэри мындан ары маалыматтык иштерди дагы да күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, телеканал кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөрүн да билдирди.