Ош шаарынын мэри эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

30 Январь 2025 09:28
475643366_951880510464180_8444754457262438514_n.jpg
475183089_951878860464345_6021518652033417848_n.jpg
475218735_951879343797630_3200434631107113282_n.jpg
475266291_951878143797750_2785508887318012589_n.jpg
475379214_951877550464476_5103335013306422432_n.jpg
475409788_951878457131052_7241033975892720023_n.jpg
475418181_951877947131103_9062844267391432280_n.jpg
475444731_951878803797684_3988779116928390694_n.jpg
475479876_951878170464414_1929201078446810409_n.jpg
475501458_951878580464373_3642776230606454223_n.jpg
475572403_951879163797648_9002029430805410973_n.jpg
475607782_951878053797759_6527126068891063351_n.jpg
475631767_951879930464238_3996693951118669830_n.jpg
475635371_951878317131066_4763585640065943148_n.jpg
475658372_951879890464242_8728553733467952657_n.jpg
475725891_951879380464293_8973035273361873325_n.jpg
475773116_951877783797786_120027295908267467_n.jpg
475777592_951878917131006_6234028748878171694_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйынга ошондой эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты.

Алгач шаар жетекчиси жергиликтүү тургундар менен таанышып, шаарды өнүктүрүү багытында быйылкы жылы аткарылуучу алгылыктуу иштер боюнча айтып берди.

Андан соң муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы 2024-жыл ичинде жасалган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүштү.

Жыйындын жүрүшүндө жарандардан жол, жылуулук, мектепти оңдоп-түзөө, мыйзамсыз курулуш, күн панелдерди орнотуу, экология, жашылдандыруу, билим берүү, эмгек акы, коммуналдык маселелер туурасында суроолор берилип, шаар мэри тарабынан жооп берилди.

Ошондой эле тийиштүү жетекчилерге жыйындан соң, жерине барып айрым көйгөйлөрдү көрүп келүүгө тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, шаар башчысынын эл менен болгон жолугушуусу жылына эки ирет өтүп келет. Бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.