Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Озгур айылындагы Солнечный дача участогунун тургундары менен жолукту.
Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда жергиликтүү эл таза суу, коомдук транспорт жана балдар бакчасынын жоктугу боюнча маселе көтөрүштү. Учурда дача участогунда 400дөн ашык жаран жашайт.
Мэр аталган аймактын таза суу менен камсыз кылуу долбоору толук чечилгенин билдирди. Долбоордун алкагында аймак толук таза суу менен камсыздалат. Курулуш иштери сентябрга чейин башталат.
"Балдар үчүн автобус каттамын ишке киргизебиз. Жакында шаарга 20 даана балдар автобусун алып келебиз. Анын бирөөсү дал ушул Солнечный дача аймагына берилет", - деди шаар башчысы.
Ошондой эле тургундардын маршруттук каттам жана балдар бакчасын куруу боюнча сунуштары тиешелүү кызматтарга тапшырма катары берилди.