Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Ош облусунун Жапалак айыл аймагынын Орке айылында жаңы мини-футбол аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилди.
Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, аянтча республикалык казынадан каржыланып, курулуп баштаган.
Ачылышка карата тургундардын катышуусунда спорттук турнир уюштурулду. Мелдеш жогорку маанайда өтүп, катышуучулар футбол боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга грамоталар жана баалуу байгелер тапшырылды.