Ош шаарынын мэри шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрөт

Аймак
Ош шаарынын мэри шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрөт
copyright icon WWW

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын тургундары менен жолугушат.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда мэр тургундардын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын угат.

Жолугушуулардын графиги:

  • 11-ноябрь

- 09:00 – Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы (ОшМУнун тарых факультетинин актылар залы).
- 12:00 – Жибек жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы (№ 1 Федченко атындагы орто мектебинин актылар залы).
- 15:00 – Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгы ( № 18 А. Навои атындагы орто мектебинин актылар залы).

  • 12-ноябрь

- 09:00 – Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы (№ 3 М.В. Ломоносов атындагы орто мектебинин актылар залы).
- 12:00 – Кызыл-Кыштак муниципалдык аймактык башкармалыгы ( Кызыл-Кыштак ААБнын жыйындар залы).
- 15:00 – Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы ( № 42 Керме-Тоо атындагы орто мектебинин актылар залы).

  • 13-ноябрь

- 09:00 – Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгы (№ 16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектебинин жыйындар залы).
- 12:00 – Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгы (№ 21 М.С. Пушкин атындагы орто мектебинин актылар залы).
- 15:00 – Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы (Маданият үйү).