Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Ош шаарында заманбап "Ош Арена" спорттук-маданий комплексинин курулушу башталары пландалууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы объект спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө багытталат.
Күн мурун Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Данияр Төлөнов менен биргеликте шаардагы ири курулуш объектилери менен таанышты.
Ошондой эле эл өкүлдөрү иш сапардын жүрүшүндө "Достук" айлампасында курулуп жаткан транспорттук түйүн, алты тилкелүү Б. Осмонов көчөсү жана А. Сүйүмбаев атындагы стадион менен таанышты.
Белгилей кетсек, "Ош Арена" комплекси шаарда спортту жана маданиятты өнүктүрүүгө, ири масштабдагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.