Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Кеминдеги балык чарба субьектилери менен таанышты. Суу ресуртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Кыргызстандын балык чарба тармагынын ишмердүүлүгү жана аталган тармактын алдына койгон милдеттери, өлкөнүн жарандарынын балык азыктарына болгон кооптонуулары тууралуу балык азыктарын иликтөө боюнча жумушчу тобунун көчмө жыйыны өттү.
Иш-чара Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында өтүп, ага Суу ресуртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин директорунун орун басары жана Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Жумушчу топтун мүчөлөрү Кемин районундагы балык чарба субьектилери менен таанышып, жеринен маалымат алышты.
Көчмө жыйында балык чарба тармагынын ишмердүүлүгү, анын алдына коюлган милдеттери, ошондой эле өлкө жарандарынын балык азыктарына байланыштуу кооптонуулары талкууланды.