Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар маселелер көтөрүлүп, депутаттар калк турмушун жакшыртууга багытталган сунуштары менен бөлүштү.
Парламенттен билдиришкендей, жыйында депутат Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы айрым көчөлөрдө аялдамаларды туура орнотуу маселесине көңүл буруп, жолдорду жарыктандыруу жагдайларына да токтолду.
Ал эми депутат Советбек Рустамбек уулу ишембиликтерге мектеп мугалимдери тартылган учурларды мисал кылып, алар менен кошо 10-11 класстын окуучуларын да чыгаруу тууралуу сунуштар айтылып жатканын кошумчалады.
Депутат Улукбек Карыбек уулу борбор калаадагы Төмөнкү Ала-Арча жана Келечек конуштарын көгүлтүр отун менен камсыздоо маселесине токтолуп, карапайым калктан газга кошулууга 60 миңден 100 миң сомго чейинки төлөмдөр талап кылынып жатканын жүйө келтирди.
Бала бакчадагы көйгөйлөргө токтолгон депутат Дастан Бекешев балдарга берилген тамак-ашта канттын өлчөмү көп экенин, тарбиячылар кагаз иштеринен баш көтөрө албай калганын айтып, мектеп менен бала бакчада иштеген медайымдарга бирдей макам берүүгө да чакырды.
Депутат Гүлнара Акимбаева Бишкек шаарына караштуу Ак-Жар конушундагы социалдык-инфраструктуралык жагдайлар тууралуу сөз кылса, депутат Джайлообай Нышанов балык чарбачылыгы жана экономикалык туризмди өнүктүрүү жаатында иш алып барган ишкерлердин көйгөйлөрүн көтөрдү.
Базар-Коргон – Кызыл-Үңкүр жолу 3 жылдан бери бүткөрүлбөй жатканын маалымдаган депутат Айбек Алтынбеков каржы маселесин кайрадан эсептеп, ишти тездетүү талабын койсо, депутат Бурул Аманова Баткен облусунда жайгашкан Примов атындагы мектепте орун жетишсиздиги курч экенин белгилеп, кошумча окуу корпусун курууну жана Кадамжай райондук ооруканасын заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоону өтүндү.
Андан тышкары, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков кыш мезгили жакындап калганын жүйө келтирип, райондук гана көмүр кампаларды камсыздабастан, ар бир айылга атайын көмүр борборлорун уюштуруу керектигин кошумчалады.
Депутат Венера Салямова Манас шаарына өткөн Ынтымак айылындагы ички жолдорду жаңыртуу керектигин белгилеп, айрым авариялык абалдагы мектептерди да жаңылоо зарылчылыгына токтолду.