Ош шаарынын мэри Казакстандын "Достык" ордени менен сыйланды

Аймак 25 Ноябрь 2025 15:49
588485329_1187416466910582_9005907792649031623_n.jpg
586798222_1187416123577283_1739253596161454489_n.jpg
588513210_1187416083577287_2421934175054167894_n.jpg
588547021_1187415876910641_7597316379738403009_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Ош шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Атам жөнүндө баян" аттуу китебинин бет ачары өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан II даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Аида Балаева тапшырып, мэрге элдин достугун даңазалоодо Ош шаарында жасалган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин китебинин негизинде тартылган "Бауыр" аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.