Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө бак-дарактар тигилди

Аймак 2251 14 Март 2025 20:12
483487495_983959930589571_1278477975150144500_n.jpg
483487639_983960430589521_790437565108868009_n.jpg
483507561_983961553922742_8314494318482683588_n.jpg
483508300_983959697256261_2180355360010630585_n.jpg
483508339_983959870589577_928368873704532358_n.jpg
483509060_983961150589449_8085859297570910428_n.jpg
483513602_983960747256156_2664124908581194759_n.jpg
483514720_983959910589573_1237982595809011705_n.jpg
483522824_983960263922871_6306881313278648928_n.jpg
483523789_983960523922845_1109195270376712100_n.jpg
483524321_983962750589289_2112615828452234341_n.jpg
483527956_983960083922889_861536302788218528_n.jpg
484090721_983961153922782_6602053408331586638_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25./Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен кесилишкен А.Навои көчөсүнөн баштап, Г.Айтиев көчөсүнө чейинки аралыкка, жолдун эки тарабына кызыл жалбырактуу клён дарагынын көчөттөрү отургузулду.

Көчөттөр бүчүр байлап, өсүшү үчүн алар өзүнүн топурагы менен кошо алып келинген. Алардын ар биринин баасы 200-250 долларды түзүп, Италия өлкөсүндө жетиштирилген.

Дарактарды отургузууга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңешинин депутаттары, жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, көчөт тигишти.

Ош шаарынын сырткы көрүнүшүн, климаттык абалын жакшыртуу максатында шаар көчөлөрүнө мындан тышкары ясень, катальпа, акация сыяктуу бак-дарактар отургузулуп, 140 миң түп роза менен көрктөндүрүлөт.