Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Ош шаарынын Кең-Сай массивине ичүүчү таза суу чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Кең-Сай конушунун тургундарын таза суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылды. Анын алкагында насос станциялары курулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жаңы суу кампасы салынды.
Ак-Тилек айланма жолунун аймагында саатына 300 м³ суу берүүчү заманбап 1-насос станциясы курулду. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында 2-насос станциясы курулуп, ал да саатына 300 м³ көлөмдө суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эки насос станциясы автоматташтырылып, “акылдуу насос” системасы аркылуу иштейт.