Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын Кең-Сай массивине электр энергиясын берүү иши жанданды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Кең-Сай жаңы конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча аракетинин арты менен токтоп турган жумуш алдыга жылды.
Бул жерде мындан 15 жыл мурун курулуп башталган электр подстанциясы бүтпөй, орто жолдо калып, таланып толонуп, каралбай жаткан.
Мэр жерине энергетика министрин чакырып маселени түшүндүрүп, абалды жөнгө салуу керектигин айткан соң, министрлик экспертизалык кароо жасап, учурда калыбына келтирүү иштерин баштады.
Белгиленгендей, иштерди ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.