Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Ош шаарынын А.Масалиев жана Т.Турсунбаева көчөлөрүн бириктирген Аношина көчөсүн кеңейтүү боюнча эскиздик долбоор даяр болду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
Учурда Ош шаарынын негизги жолдорунан сырткары, ички жолдорду дагы кеңейтүү жаатында бир топ иш-аракеттер жүрүүдө.
Ички жолдорду кеңейтүү жана оңдоп-түзөө менен негизги жолдордогу кыймылды азайтууга мүмкүнчүлүк жаралат.