Ош шаарынын бюджети акыркы эки жылда 2 эсеге өсүп, 7,5 млрд сомго жетти

Экономика Загрузка... 01 Июль 2026 13:15
40a4304551d2fadd2db566d9d19235ba_XL.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Ош шаарында салыктык түшүүлөрдүн көлөмү кескин жогорулады. Бул тууралуу бүгүн Салык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада калаа башчысы Жанарбек Акаев билдирди.

Мэрдин айтымында, 2026-жылдын алгачкы алты айында шаарда салыктык түшүүлөр 1 млрд 683 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 505 млн сомго көп дегенди билдирет (өсүү темпи 143%).

Ошондой эле Жанарбек Акаев акыркы эки жылда Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 2 эсеге өсүп, 2026-жылга карата трансферттер менен бирге 7,5 млрд сомго жеткенин маалымдады.

"Президенттин жарлыгына ылайык ишке ашып жаткан пилоттук долбоордун алкагында салыктык түшүүлөрдүн бир бөлүгү түз Ош шаарынын бюджетине чегерилип жатат. Бул калааны өнүктүрүүгө кошумча финансылык мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деди шаар башчысы.

Жанарбек Акаев салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгегинин артында билим берүү, саламаттык сактоо жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатканын кошумчалады.