Ош шаарынын борбордук стадионунун айланасы жакшыртылат

Аймак 22 Август 2025 11:55
535231625_1108521914800038_7024325834037975182_n.jpg
536298404_1108521898133373_4462836963297308312_n (1).jpg
536298404_1108521898133373_4462836963297308312_n.jpg
536735857_1108521938133369_5410340423772077874_n.jpg
514285372_1108521961466700_2029501869992662398_n.jpg
535032180_1108521998133363_476144831146462456_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук стадионунун кирүүчү бөлүгүндөгү жана каналдын жээгиндеги баш-аламан курулуштар бузулуп, айланасы заманбап талаптарга ылайык келтирилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин стадиондун аймагы ар кандай курулуштар менен тосулуп келген.

Эми бул аймак тазаланып, шаардыктар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана эстетикалык чөйрө түзөт.

Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди өткөрүү үчүн стадион тиешелүү талаптарга жооп бере турган абалга келтирилет.

Бул жаңылануу — спортту өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт.

Эскиз долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.