Ош шаарында негизги көчөлөрдүн бири жаңыланат – эскиздери

Аймак 31 Октябрь 2025 09:10
571452235_1166423702343192_7466724051021941015_n.jpg
1.jpg
571803685_1166423615676534_1442053574311290463_n.jpg
572094091_1166423779009851_8832005724281994559_n.jpg
572276115_1166423819009847_37785598018558869_n.jpg
572422036_1166423622343200_949980200742486121_n.jpg
572955606_1166423765676519_2970666435269081342_n.jpg
573533466_1166423705676525_6698493279710947273_n.jpg
574534944_1166423545676541_4787566639934302344_n.jpg
575109665_1166423809009848_1460437359031062183_n.jpg
17618467061020551712_1200x630.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Башкы планга ылайык Ош шаарынын борбордук көчөсү заманбап өңүттө жаңыланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалматка ылайык, шаардын Р.Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Закиров көчөсүнө чейинки аралыгы башкы планга ылайык ачылып, аталган көчө Б.Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтилет. Ошондой эле заманбап шартка ылайык көрктөндүрүлүп, толук түрдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Заманбап жол чырактар орнотулуп, жолдогу эскилиги жеткен бетон тосмолор мрамор таштар менен жасалгаланып, көчөгө заманбап жана эстетикалык көрүнүш тартууланат.

Аталган көчө Ош шаарын экиге бөлүп турган Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өтүп, шаарды бириктирип турган өзгөчө мааниге ээ борбордук көчө болот.

Бул иштердин эскиздик долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.