Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү жашыл аймак калыбына келтирилүүдө

Аймак 26 Август 2025 18:03
538435740_18076470581068772_2402484413960240475_n (1).jpg
538435740_18076470581068772_2402484413960240475_n.jpg
538813348_18076470599068772_3229384063576243443_n (1).jpg
538813348_18076470599068772_3229384063576243443_n.jpg
538981588_18076470590068772_7181181462206955122_n (1).jpg
538981588_18076470590068772_7181181462206955122_n.jpg
539497956_18076470383068772_6423128325668331351_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 26.08.25./Кабар/. Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү жашыл мейкиндик калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Совет мезгилинде түптөлгөн, бирок кароосуз калган тарыхый сквер – Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуу бурчу – кайрадан шаардыктардын жана коноктордун сүйүктүү жайына айланат.

Эскиздик долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалды.

Көп жылдар бою жеке тараптардын колунда болуп, башаламан соода менен тосулуп калган бул кооз аймак эми шаар бийлиги тарабынан иретке келтирилип, толук тазаланып жана заманбап шартта кайрадан жашыл аймакка айландырылууда.

Шаардын башкы планында "жашыл аймак" деп белгиленген бул сквер азыркы учурда тазаланып, жашоочулардын эс алуусуна ылайыкташып кайра курулат.

Бул жаңылануу – Ош шаарынын жашыл мурастарын сактап калуу жана келечек муундар үчүн жайлуу шаар түзүү багытындагы дагы бир чоң кадам!