Ош шаарынын аэропорту кандай болот – долбоордун видеосу

Коом Загрузка... 28 Май 2025 12:47
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы "Ош" эл аралык аэропортунун долбоорунун видеосун жарыялады.

Маалыматка ылайык, аэропортто жаңы терминалдын курулушу башталды. Аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт.

Оштогу жаңы аэровокзал комплекси жер төлөсү менен эки кабат болуп курулуп, жалпы аянты 25 443 чарчы метр.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексин куруу үчүн мезгил кутусун салган.