Ош шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы талкууланды

Аймак 20 Май 2026 11:25
702678129_1324919669826927_4603194791265387242_n.jpg
701665505_1324920083160219_5489908007620788495_n.jpg
702799607_1324920253160202_1317305615945305468_n.jpg
702470350_1324919789826915_6216085355964742081_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Күн мурун Ош мэриясында шаардын 2050-жылга чейинки Башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алынып, Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле буга чейинки Башкы планга карата келип түшкөн сунуш-пикирлерди кароо да талкууланды.

Башкы план боюнча кийинки отурум июнь айында өтөт.