Ош шаарындагы Жумабаев көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 31 Август 2025 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын Жибек жолу аймактык башкармалыгындагы Жумабаев көчөсү кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп бүгүн эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Эске салсак, Жумабаев көчөсүнө мындан 60 жыл мурун асфальт төшөлүп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес болчу. Алгач биринчи этабында жолдун 1,5 чакырымы толук оңдолуп асфальт төшөлдү. Жолдун туурасы 22 метр болуп, эки тарабына тротуар, ирригациялык лоток жана жашыл аймак каралган.