Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан жогорку окуу жайлардын тосмолорун алып салуу иштери жүрүп жатат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жерде бир катар унаа батчудай кошумча жол, тротуарлар курулуп, аны менен бирге жашыл аймактар түзүлүп, ирригациялык тармактар орнотулат.
Аталган жумуштар жарандардын көптөгөн кайрылууларына ылайык Н.Исанов көчөсүн иретке келтирүү максатында жасалууда.
да.