Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн бир бөлүгү кеңейтилүүдө

Аймак 5 ноябрь 2025 09:25
Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн бир бөлүгү кеңейтилүүдө

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн бир бөлүгү кеңейтилип жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Атап айтканда, көчөнүн Алымбек датка көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү кеңейтилүүдө.

Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, 5 тилкеге ылайыкташтырылууда.

Бул жол асфальтталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана ирригациялык лотоктор орнотулат.