Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири - Ленин көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөлүүдө. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында арык жана лотоктордун үстүн бетон курулмалар менен жаап мыйзамсыз тосуп алган жерлерди ачып, алып салуу иштери жүргүзүлдү. Мэрия жол 12 метрге чейин кеңейтилип жатканын билдирген.
Учурда жолдун негизи жасалып, лоток орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалууда.
Буга чейин аталган көчөдө унаа тыгыны көп болуп, ыңгайсыздык жаралып келген. Эми жолдун бүтүүсү менен унаа тыгыны азайып, каттамда жеңилдик пайда болот. Мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга жолду жакын арада толук жана сапаттуу бүткөрүп, пайдаланууга берүү тапшырмасын берген.