Ош шаарындагы "Керме-Тоо" орто мектеби толук жаңыланды

Аймак Загрузка... 13 Январь 2026 09:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Ош шаарындагы "Керме-Тоо" орто мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлүп, толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мектепти оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Ага имараттын сырткы фасады, терезе жана эшиктери алмаштырылды. Ошондой эле эскилиги жеткен спорт аянтчалары да жаңыланды.

Эске салсак, билим берүү мекемесинин имаратын президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта пайдаланууга берген.

Кошумчалай кетсек, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көп кабаттуу турак жайларга жана социалдык объектилерге (мектеп, бала бакча ж.б.) алып баруучу эски, тар жана жүрүүгө кооптуу жолдор кеңейтилип, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.