Ош шаарындагы Грибоедов көчөсүн кеңейтүү иштери башталды

Коом Загрузка... 02 Сентябрь 2025 17:07
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген Грибоедов көчөсүн кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда белгиленген аймакта жолго тоскоол жараткан тосмолорду алуу иштери жүрүп жатат.