Ош шаарындагы Ленин көчөсү Алымбек датканын атын алат

Аймак 3 июль 2025 16:48
Ош шаарындагы Ленин көчөсү Алымбек датканын атын алат

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Ош шаарындагы борбордук Ленин көчөсүнүн аталышы өзгөртүлөт.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, бүгүн Ош шаардык кеңешинин сессиясында мэр Жеңишбек Токторбаевдин аталган көчөнүн аталышын Алымбек датка көчөсү деп өзгөртүү боюнча сунушу колдоо таап, чечим кабыл алынды.