Ош шаарындагы балдарды реабилитациялоо борбору жаңыланды

Аймак Загрузка... 01 Декабрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Ошто балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбордун кароосуз калган имаратын ондоп-түзөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Авариялык абалга кептелген имарат толугу менен жаңыланып, чатыры жабылып, бөлмөлөрдүн полдору жаңыланып, сырдалды. Ашканасына жаңы электр печкалары, аба алмаштыруучу системалары орнотулду жана балдар үчүн жаңы унитаздар, раковиналар, керебеттер, эмеректер коюлду.

Ал эми айланасына брусчатка басылып, жашылдандырылып, кооздукка бөлүндү. Балдар ойноочу аянта, отургуч, беседкалар да орнотулду.

Жаңыланган борборго мэрия тарабынан балдарга керектүү каражаттар, турмуш-тиричилик техникалары жана оюнчуктар берилди. Ага кошумча борбордун ар бир кызматкерине мэр 2000 сомдон акча каражатын берди.

Борбор 1960-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир да жолу капиталдык ремонт болгон эмес.