Ош шаарындагы "Аль-Мансур" кафеси буздурулат

Аймак 23 Апрель 2026 08:55
679773218_1302439518741609_4836757686740396651_n.jpg
677107353_1302441972074697_6141693407348968386_n.jpg
677203331_1302439485408279_7619327435179248264_n.jpg
677208282_1302439712074923_3382982585343562771_n.jpg
677281105_1302441542074740_198101108637450667_n.jpg
677309335_1302441515408076_3741981254196044183_n.jpg
677349318_1302439792074915_7401192218390141040_n (1).jpg
677349318_1302439792074915_7401192218390141040_n.jpg
677370160_1302441125408115_5939970642664191877_n.jpg
678602102_1302442362074658_2458391132125283600_n.jpg
679245851_1302443122074582_6655686122025654883_n.jpg
679278382_1302445065407721_1007087187756353524_n.jpg
679334625_1302440652074829_8669324831829978652_n.jpg
679687442_1302441798741381_6484122883777186153_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Аль-Мансур" кафеси буздурулат. Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев күн мурун кезектеги рейддин жүрүшүндө айтты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр аталган көчөдөгү тротуарлардын абалын текшерип, бир катар кемчиликтерди сынга алды. Ал шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө тротуарлар негизги орунда турарын белгилеп, көчөнүн аягына чейин веложол куруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Ошондой эле А. Масалиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктө жайгашкан лифтти тез арада ишке киргизүүнү, тыгын маселесин жөнгө салуу максатында Навои көчөсүндөгү үчүнчү тилкенин курулушун ыкчам бүтүрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Ага улай шаар аймагындагы парк, университет жана башка социалдык мекемелердин айланасындагы темир тосмолорду алуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди.