Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жаңы бала бакча курулууда

Аймак Загрузка... 10 Октябрь 2025 09:00
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мектепке чейинки билим берүү уюму шаар мэри Жеңишбек Торторбаевдин тапшырмасы менен 75 орундуу болуп курулууда. Имарат заманбап талаптарга ылайык, акыркы технологиялар менен салынып жатат.

Бала бакча эки кабаттуу болуп, жер төлөөсү бар. Имаратта балдар үчүн бардык шарттар каралган. Алсак оюн аянтчалары, жуунучу жай, санитардык бөлмөлөр, откана, заманбап ашкана менен камсыздалган. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.