Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Ош шаарында Ак-Тилек кичи районундагы № 5 жана № 10 көчөлөрдүн жолдоруна толук асфальт төшөө иштери аяктады.
Мэриядан билдиришкендей, бир эле учурда ирригациялык каналдар орнотулуп, жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, асфальт төшөлдү.
Маалым болгондой, аталган эки көчөдөн тышкары № 11 көчөнүн тротуарына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
«Жакынкы күндөрү үч көчө тең пайдаланууга берилет», - деп айтылат маалыматта.