Ошто Ак-Буура конушуна 800 орундуу мектеп курулууда

Аймак 14 май 2026 12:00
Ошто Ак-Буура конушуна 800 орундуу мектеп курулууда
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушуна 800 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектеп яянты 8 миң 339 чарчы метрди түзгөн, беш блоктон турган, үч кабаттуу имарат болот.

Мектептин курулушун жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.