Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Ош шаарынын Черемушка кичи районунда 700 окуучуга ылайыкташкан Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы имаратынын курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
"Сыртында футбол аянты, даараткана, тосмолор жана от кана жайгашкан. Мектеп бүтүү алдында турат. 20-июнга чейин курулушу аяктайт деп пландалган", — деди капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлчүсү Акылбек Акаев.
Белгиленгендей, Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаты 700 орунга ылайыкташып, анын ичинен 500 окуучу үчүн жатып окуу шарты каралган. Интернатта спорт залы, спорт аянтчалары, эс алуу багы, санитардык бөлүм жана бардык заманбап шарттар түзүлөт.